Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында катталган селдин кесепетинен 45 турак жайдын короолорун суу каптап, 4 турак үйдүн ичине сел киргендиги аныкталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, аталган аймактагы кырдаалды жөнгө салууга Жалал-Абад облустук башкармалыгынан, район-шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 65 куткаруучу тартылып, тазалоо жумуштары жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары Жарандык коргонуу кызматтарынын жана ӨКМдин 10 инженердик техникасы тартылып, ички жолдор, сел өтүүчү каналдар, коро-жайлар тазаланууда.
Кошумча маалымат берилет.