Бүгүн, 22-апрелде Ысык-Көл облусунда саат 01:27де күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда, Сары-Жаз кырка тоолорунда: Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 18 чакырым, Кең-Суу айылынан түндүк-чыгышка карай 27 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 100 чакырым аралыкта жайгашкан.
Калктуу пунктарда жер титирөөнүн күчү сезилген эмес, жабыр тарткандар катталган жок.