Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, калаада бүгүн, 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев 18-апрелде кол койгон.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар жыл сайын жүргүзүлүчүү профилактикалык жана оңдоо жумуштарын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп келери маалымдалган.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкектеги жылуулук түйүндөрүндө пландуу гидравликалык сыноолор жүргүзүлөт.