Өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылды.
"Бишкек шаарында – 1, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 2, Баткен облусунда – 1 өрт кырсыгы катталды", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.