Кыргыз альпинисттери Гималайдагы Лобуче чокусуна чыгышты. Бул тууралуу Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
"21-апрель саат 07:00дө беш адамдан турган кыргыз командасы Лобуче чокусуна ийгиликтүү чыкты. Биздин командада көрүнүктүү пара-спортчу, эмгек сиңирген спорт чебери дагы бар. Бүткүл Евразия аймагынан бул тик чокуга чыга алган биринчи азиз адам! Бир аз чарчадык", - деп жазды ал.