Алып баруучу Айзада Жамгырчиева Кыргыз элинин улуттук кийими элечекти кийип, Нью-Йорк шаарынын көчөлөрүн аралады. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында видео менен бөлүшүп, "Элечегим менин сыймыгым! Эми элечек кийгенге толугу менен укугум бар", - деп билдирүү калтырган.
Ошондой эле Жамгырчиева элечекти көргөн эл жылуу пикирлерин калтырып, таң калып жатышкандыгын айткан.
Белгилүү болгондой, алпаруучу учурда сүйүктүүсү менен Нью-Йорк шаарында экенин билдирген. Ал эми аталган шаардан 20-апрелде жигити колун сураган эле.