"KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов кармалды (видео)

"KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов Чүй облусунун Кайыңды айылында кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат билдиргендей, ал бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап, Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек араларын мыйзамсыз кесип өткөн.

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин 10-январда УКМК "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго издөө жарыялаган болчу.

Эске салсак, былтыр 27-октябрда Имамидин Ташовдун кармалганын УКМК кабарлаган.

Ал муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Мындан сырткары Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканы айтылган болчу.

8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

2024-жылы 9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ишкер былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери эркине каршы уурдап кетип, 8 күн белгисиз жайда кармап отурганын айткан. Ташиев муну четке каккан.

22.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан