21-апрелде Өзбекстандын калкынын саны 37 миллионго жетти. Бул тууралуу CentralAsia басылмасы жазып чыкты.
Басылма Өзбекстандын Статистика агенттигинин билдирүүсүнө таянып жазган. Анда өлкө калкынын 18 миллион 599 миң 900 кишисин эркектер түзсө, 18 миллион 344 миң 600үн аялдар түзөрү айтылат.
Акыркы бир жылда коңшу өлкөдөгү адамдардын саны 2,2 пайызга, же 774,9 миң адамга көбөйгөн.