Бишкекте жашыл аймактарды реконструкциялоо иштери уланууда

Бишкекте "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын адистери шаардын жашыл аймактарын реконструкциялоо боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, Эркиндик бульвары Абдымомунов көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейин ишкананын кызматкерлери тарабынан жашыл бактарды санитардык бутоо, ошондой эле жашыл тосмолорду көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Шаардагы эң эски бак-дарактардын айрымдары Эркиндик бульварында өсөт. Ишкананын бак кыркуу бригадалары коопсуздук максатында бак-дарактарды бутоо иштерин жүргүзүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бульвардын аймагынан алынган жашыл тосмо "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигине көчүрүлүп, мындан ары башка аймактарды жашылдандыруу үчүн колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан