Бишкекте караокенин атын жамынып иштеген көмүскө кумаркана аныкталды

Бишкекте көмүскө иш алып барган оюн-зоок жайы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аныкталган көмүскө оюн-зоок жайы караокенин атын жамынып, айрым адамдар үчүн гана иштеп келген.

Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси (Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу) боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери аталган жайды текшерүүгө алган.

"Текшерүү учурунда имараттын ичинде көңүл ачып жүргөн чет өлкөнүн 20дан ашуун жараны, ошондой эле 13 кыз (алардын бири жашы жете элек кыз) болгон. Мындан сырткары имараттан оюн столдору, акча каражаттары, фишкалар табылган", - деп айтылат маалыматта.

Бардык чет өлкөлүк жарандар, имарат ичиндеги кыздар Свердлов райондук милициясына жеткирилген.

Ал эми көмүскө оюн-зоок жайынын уюштуруучулары делип 1984-жылы туулган Ч.Х. аттуу чет өлкөлүк жаран жана Бишкектин 1983-жылы туулган М.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

22.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан