Бүгүн, 22-апрелге карата республика боюнча 52 миң 816 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Аймактар боюнча катталган балдардын саны:
Ысык- Көл облусу: 5091 (жалпы квота – 13 миң 821)
Жалал-Абад облусу: 10 109 (жалпы квота – 34 миң 778)
Нарын облусу: 3533 (жалпы квота – 7 миң 741)
Баткен облусу: 6229 (жалпы квота – 16 миң 190)
Ош облусу: 10 101 (жалпы квота – 35 миң 785)
Талас облусу: 2937 (жалпы квота – 6 миң 957)
Чүй облусу: 7801 (жалпы квота – 31 миң 474)
Бишкек шаары: 5505 (жалпы квота – 17 миң 908)
Ош шаары: 1510 (жалпы квота – 11 миң 233)
Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
Эске салсак, 1-класска балдарды электрондук каттоонун 1-туру 8-апрелде башталган. Ата-энелер балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттай алат.