Кыргызстанда бир жумада 22 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактысы катталды

15-апрелден 21-апрелге чейин өлкө аймагында 22 564 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматында айтылат.

Ага ылайык, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 13 421 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. Мындан тышкары:

- тийиштүү документтери жок - 440;

- мас абалында унаа башкаруу - 462;

- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 81;

- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 819;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 207;

- авто ээн баштык - 10;

- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 108;

- жалган мамлекеттик номур менен унаа башкаруу - 16;

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 2 132;

ЖКККББгы айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан