Баткендин Раззаков шаарында турак үйлөр сел кооптуулугунан корголууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел кооптуулугунан коргоо иштерин жүргүзүп жатат. Раззаков шаарында да учурда сай жээгин бекемдөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, Чимген айылындагы Шорбулак участкасында сел өтүүчү сайдын жээгин тазалоого жана бекемдөө иштерине ӨКМден самосвал жана габион торчосу бөлүнгөн. Ал эми габион торчолору жергиликтүү бийлик тарабынан ашар жолу менен орнотулду.

"Натыйжада 4 турак үй менен кошо 0,5 гектар огород участкасы сел коркунучунан коргоого алынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан