Парламентте Ысык-Көлдө чет элдиктерге эс алуу жайларын салууга уруксат берүү мыйзамы талаш жаратты

Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда чет элдиктерге Ысык-Көлдө эс алуу жайларын салууга жана аларга эс алуу жайларына менчик укугун берүүгө уруксат берүүнү сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттар Балбак Түлөбаев, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев.

Бактыбек Сыдыков белгилегендей, бул мыйзам долбоору колдоо тапса, "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүүгө, курорттук-рекреациялык аймакка жана жалпы эле республикага чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт. Ошондон улам Кыргызстандын туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк рыногуна чыгышына жана бүтүндөй "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасынын олуттуу өнүгүшүнө шарт түзүлѳт.

Талкуу маалында депутат Султанбай Айжигитов жаратылыш ресурстарын төмөн баалоо менен рекреациялык аймактарды чет элдиктерге колдонууга берүү туура эместигин белгилеп, мыйзам долбооруна каршы чыкты.

“Бул абдан талаштуу, күмөндүү мыйзам. Инвестор тарта турган эң биринчи фактор - бул экономиканын гүлдөп-өнүгүүсү. Эгер экономика өнүгүп жаткан болсо, инвесторлор өздөрү эле агылат. Маселен, Кытай же Өзбекстан сыяктуу. А бизде инвесторлорду тарта турган шарттар жок, биз болгону жаратылыш байлыктарын арзыбаган акчага сатканы жатабыз. "Инвестор келип жыргатат деген" терең жаңылыштык экенин 30 жылда көрдүк.

Бул боюнча абдан терең ойлонушубуз керек. Бул мыйзам туура эмес, мен каршымын. Мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген мыйзам”, - деди Айжигитов.

Ага Бакыт Сыдыков жооп берип, элди адаштырбоого чакырды.

“Мен ачык жана так айтып жатам. Биз жерди саткан жокпуз. Биз имарат салганга мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Бирөө келип жерди бир жакка алып кетип калабы? Сиз өзүңүз каршы болсоңуз, элди кошо адаштырбаңыз”, - деди Сыдыков.

Эки депутаттын кайым айтышы бир топко созулуп, Сыдыков Айжигитовдун Баткен облусун башкарып тургандагы ишин сындады. Ага жооп катары Айжигитов Сыдыковду “Манас” аба майданын жетектеп турганда “бизнес кылган” деп айыптады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, 2004-жылы кабыл алынган “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамына жана Жер кодексине өзгөртүү киргизилет.

Жогорудагы мыйзамдын азыркы вариантында “Рекреация объекттерин жана туризм инфратүзүмдөрүн чет өлкөлүк жактарга менчикке берүүгө жана өткөрүп берүүгө жол берилбейт” деп жазылып турат.

ЖК 22 04 24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан