Диплом, айдоочулук күбөлүк алып берем деп 9 адамды алдап кетүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Баткен облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жаңы-Жер айылынын тогуз тургуну Лейлек РИИБине арыз менен кайрылышкан. Алар 2023-жылдын июль-август айларынан бери К. аттуу жаран диплом жана айдоочулук күбөлүк алып берем деп жалпы 720 миң сом акча алып, кийин из жашырып кеткендигин айтышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 44 жаштагы тургуну А.К. Жалал-Абад облусунун аймагынан кармалып, Баткен облусуна алынып келип, тергөө жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
"Шектүүнүн алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан жарандар 102, 03656 5 00 39, 0779 14-97-01 номерлерине кайрылса болот", - деп айтылат маалыматта.