Байсалов балдар арасында кызамык оорусу боюнча кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызамык оорусу боюнча өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигине оорунун алдын алуу жана балдарды кызамыкка каршы эмдөө иштерин күчөтүүнү тапшырды.

"Балдарды эмдөө боюнча күч-аракеттерди максималдуу түрдө көбөйтүү, ошондой эле кызамык оорусун жуктуруп алуу учурларын болтурбоо үчүн бардык медициналык мекемелерде санитардык коопсуздук чараларын жана көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлиги балдарын оор жугуштуу ооруларга каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча сунуштарды бериши керек. Өзгөчө ата-энелер кайдыгер мамиле кылып балдарынын ден соолугуна зыян келтирүүгө жол бербеши керек. Балдарды кызамык жана башка оор илдеттерге каршы эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу коомчулук менен иш алып баруу зарыл", - деген Байсалов.

Мындай эмдөө иштери мурдагы Советтер Союзу же Европа менен Америкада гана эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө колдонуларын кошумчалаган ал.

Айтымында, вакцинация бүткүл ислам дүйнөсүндө, Сауд Арабияда, Бириккен Араб Эмираттарында жана балдардын ден соолугуна зыян келтирген ата-энелерге катуу жаза каралган башка өлкөлөрдө кеңири колдонулат.

Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү тапшырмасы берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын соңуна карата республика боюнча кызамык оорусунун 7046 учуру катталса, ал эми ушул жылдын 17-апрелине карата 8209 учуру катталган. Анын 37,5 пайызын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан балдар түзгөнү айтылат.

Республиканын аймагында өткөн жумага салыштырмалуу 1,8 эсеге азайган. Республика боюнча 2023-жылы паротит жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөөдөгү вакцинанын биринчи дозасы менен 138 миң бала, экинчи дозасы менен 146 325 бала эмдөөдөн өткөнү маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан