Бишкекте жарандын 12,8 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 24-мартта милицияга жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, А.М. аттуу жаран анын ишеничине кирип, үй салып берем деген шылтоо менен 12 миң 800 долларын алган. Бирок кийин шектүү акчаны өзүнүн кызыкчылыктарына коротуп салганы белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1992-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал жабырлануучу менен атын өзгөртүп таанышкан.
Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан