Лейлекте унаа айдап качууга шектелип өспүрүм балдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Раззаков шаарынын 68 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 20-мартка караган түнү үйүнүн алдына токтотуп койгон ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жаран айдап качып кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Шектүү катары А.А., А.Э., Н.Б., С.Э. жана Ш.Б. аттуу 15-16 жаштагы балдар Сүлүктү шаарынан кармалып, РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.