Өлкөгө 2 тоннадан ашык тоок этин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Мамлекеттик бажы кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кызматтын Баткендеги кызматкерлери Бужум айылынан Н.Т.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes Benz Sprinter 515 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Токтоткон унааны текшерүүдө жалпы салмагы 2 миң 295 килограмм болгон тоңдурулган тоок эти табылган.
"Жүктүн эч кандай жүк коштоочу документтери жок болгон. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 525 миң 928 сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.
Чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.