Жазуучулар союзунун төрагасы болуп Каныбек Иманалиев шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде аталган союздан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, төрагалык орунга төрт талапкер, Каныбек Иманалиев, Кожогелди Култегин, Атантай Акбаров жана Жедигер Саалаев көрсөтүлгөн.
Шайлоо эки тур менен өтүп, кийинки турга Каныбек Иманалиев менен Кожогелди Култегин чыккан. Кайрадан добуш берүүнүн жыйынтыгында 70 добуш менен мурдагы билим берүү министри Каныбек Иманалиев төрага болуп шайланды.