УКМКнын кызматкеримин деп ишкерден акча талап кылган шектүү кармалды

Өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, жеке ишкерден акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык суу чарба ишканасынын адиси К.Т. өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жеке ишкерден акча алмаштыруу жайында аныкталган мыйзам бузуулар үчүн опузалап акча талап кылган.

Ал 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылып жаткан учурда кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгүндө (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан