Көзүң кубанат. Президент Бишкекте курула турган футболдук стадиондун эскиздери менен бөлүштү

Борбор Азиядагы уникалдуу эң чоң футболдук стадиондун көптөн күткөн курулушу башталды. Анын ачылышы эки жылдан кийин болот. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, учурда жалпысынан 22 адис архитектуралык бөлүмдө иштеп жатат.

Анын ичинен 12 адам – Түркиядан, 10 адам – Кыргызстандан.

"Бул стадион эмнеси менен уникалдуу?

Борбор Азиядагы 45 000 көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион.

Стадиондун дизайнынын өзөгүн кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон
боз үй феномени түзөт.
Дизайнынын өзгөчөлүгү анын формасынын уникалдуулугунда.

Борбор Азиядагы эң чоң жабык унаа токтотуучу жай 3600 унаага ылайыкталган. Анда стадион гана эмес, 35 000 чарчы метр аянтты ээлеген спорт дүкөндөрү жана соода борборлору да болот", - деп жазды президент.

Белгилүү болгондой, аталган стадион ФИФАнын А категориясындагы талаа диоддук жарыгы менен жарыктандырылат. Гибриддик газон технологиясы менен камсыздалып, АФКнын финалдык жана ФИФАнын тайпалык матчтары өткөрүлөт.

"Имараттын отуруучу аянты 70 000 чарчы метр.
Курулуштун аянты 180 000 чарчы метр. 8 кабат, бийиктиги 70 метр. Стадиондун диаметри 280 метр, тегерек формада.
Стадиондун аянты 85 000 чарчы метр. 60 000 чарчы метр жабык унаа токтотуучу жай жана техникалык жайлар бар.

Стадиондун курулушуна сарпталуучу 135 000 куб метр көлөмдөгү бетондун баары ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Кыргызстандан сатылып алынат", - деп жазды Жапаров.

Жапаров маанилүү болуп саналган жумушчу күчүнүн басымдуу бөлүгүн жумуш орундарын камсыз кылуу үчүн Кыргызстандын жарандары түзө турганын баса белгиледи.

Темир-бетон иштерин 13 айда бүтүрүү пландалып жатканына токтолуп, электромеханикалык иштерин жана 50 метр оор блоктон жасалган чатырды 7 айдын ичинде аяктоо каралганын айтты.

"Башка иштер 6 ай бою улантылса, демек, курулуштун болжолдуу мөөнөтү 2 жылды түзөт.

Каражат маселесин толугу менен төлөп бердик.

Кудай бөөдө кырсыктан тышкары кылса, эки жылдан кийин бул стадион элибиздин керегине жарап, кызмат кыла баштайт", - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан