Кыргызстанда 53 миң ата-эне балдарына алимент төлөбөй жүрөт

Кыргызстанда учурда 53 548 ата-эне балдарына алимент төлөөдөн качып жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин башчысы Урмат Кожомбердиев парламентте билдирди.

Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында "Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Мыйзам долбоорун Тазабек Икрамов баштаган тогуз депутат демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири Тазабек Икрамов белгилегендей, мыйзам долбоору ата-энелер тарабынан жашы жете элек баласына же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз балдарына алимент боюнча милдеттенмелерди аткарбай койгондорго жазаны күчөтүү максатында иштелип чыккан.

"Ошондой эле ушул мыйзам долбоору жашы жеткен эмгекке жөндөмдүү балдар тарабынан өздөрүнүн эмгекке жарамсыз жана каржылык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуу үчүн сот актысынын же алименттер жөнүндө макулдашуунун негизинде алименттер боюнча милдеттенмелерди аткарбай коюу же толук эмес өлчөмдө аткаргандарга да жазаны күчөтүү максатын көздөйт", - деди ал.

Талкуу маалында депутат Элдар Абакиров мыйзам долбоорун колдоп, статистика боюнча Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала катталбаган никеде төрөлөрүн белгиледи.

"2022-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 23,3 пайыздыды түзөт. Муну менен катар ажырашуулардын саны да өсүүдө. Тилекке каршы, көп эркектер жоопкерчиликтен качып жатышат", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан