Кара-Суу районунун бир нече айылдарын сел каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, кечээ, 22-апрелде саат 22:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Мады, Беш-Мойнок, Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылдарында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел суулары турак үйлөрдү, жолдорду каптады.
Ага ылайык, жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №21 ЖТИден жүктөгүч, манипулятор, Мады айыл аймагынан 15 кызматкер тартылды.