“Бейиш эненин таманында” тасмасы да көрсөтүлөт. Бүгүн Азербайжанда кыргыз киносунун күндөрү башталат

Бүгүн, 23-апрелде Баку шаарындагы Низами кинотеатрында “Кыргыз киносунун күндөрү” башталат. Бул жөнүндө Маданият министрлигинин маалыматында жазылат.
Белгиленгендей, тасмалар кыргыз тилинде көрсөтүлүп, азербайжан тилинде субтитр менен коштолмокчу.
Баку шаарынын тургундары үчүн Төлөмүш Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан жаңы тартылган, прокатка чыга элек режиссёр Тынчтык Абылкасымовдун “ERROR#404” тасмасы, режиссёр Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы 23-24-25-апрель күндөрү акысыз көрсөтүлөт.
Иш-чаранын программасы:
23-апрель
19:00 – “Низами” кинотеатрынын чоң кинозалында Кыргыз киносунун күндөрүнүн расмий ачылышы жана “Бейиш эненин таманында” тасмасы көрсөтүлөт.
24- апрель
17:00 – "Низами" кинотеатрынын кичи залы “ERROR#404” тасмасы.
25-апрель
19:00 – "Низами" кинотеатрынын кичи залында “Бейиш эненин таманында” тасмасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан