Төрага Нурланбек Шакиев Монголияга расмий сапар менен кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголияга расмий сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттен бүгүн, 23-апрелде кабарлашты.

Расмий сапардын алкагында төрага Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар жана премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ баштаган жетекчилер менен жолугушат.

Муну менен катар «Кыргыздардын Чыңгызхан жана анын урпактары менен тарыхый байланыштары», ошондой эле «Глобалдык лидерлер: тынчтыкты жана адилеттикти куруу» аталашындагы эл аралык конференцияларга катышат.

Эскерте кетсек, төрага Шакиевди депутаттар Улан Бакасов, Надира Нарматова, Айсаракан Абдибаева, Мейкинбек Абдалиев, Чингиз Айдарбеков, Эрулан Кокулов, Алишер Козуев, Чыңгыз Ажибаев, Нурбек Алимбеков коштоп жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан