Аялына бир жылдан бери зомбулук көрсөткөн деп шектелип уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды (видео)

Милиция кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте аялына системалуу түрдө физикалык зомбулук көрсөткөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 6-февралда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө К.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал жолдошу М.С. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Себеби бир жылдан бери физикалык зомбулук көрсөтүп келген. Тактап айтканда, 2023-жылдын август айында Бишкек шаарынын 4-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда жүрүп, денесине эч себепсиз залал келтирген. Андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган, 1972-жылы туулган М.С. аттуу жаран аныкталып, кармалган.

Жүргүзүлгөн тергөө ишинин алкагында кылмышка шектүүнүн туруктуу жашаган жеринен 2 даана ок атуучу курал, 2 даана магазин, 5 даана гильзалар табылып, керектүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкекте аячлына кордук көрсөтүп келгенге шектүү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан