24-апрелден 26-апрелге чейин Бишкектин айрым жерлеринде жаратылыш газы убактылуу берилбейт. Бул боюнча «Бишкекгаз» газ кызматы кабарлады.
Мекеме мындай чектөөлөр орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын агышына байланыштуу киргизилгенин белгиледи.
Төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт: М.Ганди көчөсү, Түлебердиев көчөсү, Манас көчөсү, Васильев көчөсү.
«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.