Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген аялдар кармалды (фото)

Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенген 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 18-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын аймагында Б. аттуу жаран сойкулук менен алектенип көмүскө жайларды уюштуруп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалыматтар Жалал-Абад ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан алынган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 22-апрель күнү кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде көмүскө жайын уюштуруп, сойкулук менен алектенген 6 жаран кармалган.
Алар Жалал-Абад шаарынын 47 жаштагы тургуну - М.Ч. жана 29 жаштагы С.к.Ж., Ош облусунун 37 жаштагы тургуну Р.к.А., 35 жаштагы К.к.Н., 32 жаштагы К.Н. жана Чүй облусунун 38 жаштагы М.А. аттуу тургундары экендиги такталган", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда бул кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан