"Кымбат белегим сыр болсун". "Апамдын махабатындагы" Керездин ролун аткарган Мээрим Касаболотова 45 жашка чыкты

"Апамдын махабаты" тасмасында Керездин ролун жаратып, калкыбызга белгилүү болгон театр жана кино актриса Мээрим Касаболотова бүгүн, 23-апрелде 45 жашка чыкты. "Туулган күнүмдө "Эр Төштүк" спектаклинде ойнойм" деген актриса, өздүк майрамы менен түнкү саат 12де жакындары куттуктаганын айтты.

"Туулган күнүм түнкү 12лерде эле туугандарымдын, балдарымдын куттуктоолору менен башталган. Эртең менен таң эрте атам чалды. Өздүк майрамымды спектаклде роль ойноп өткөрүп жатам. Болгондо да үч жолу ойнойбуз.

Мен үчүн кымбат белек - бул ата-энемдин, бир туугандарымдын амандыгы, балдарымдын ден соолугу. Жашоонун өзү деле чоң белек деп ойлойм. Негизи күйөрмандырымдан белектерди алып эле жүрөм. Эң кымбат белегим сыр болсун", - деди актриса.

Актриса Мээрим Касаболотова 1979-жылы 23-апрелде Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылында төрөлгөн. Ыбрай Туманов атындагы музыкалык училищеде кыл кыяк адистиги боюнча билим алган. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (азыр университет) актёр, кино жана драма бөлүмүндө окуган. Окуусун аяктаган соң Талас облусунда жаңы театр ачып, Талас облустук музыкалык драма театрында эмгектенген. Учурда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенет.

Актриса Алыкул Осмонов атындагы "Эстелик" медалынын ээси, "Маданияттын мыкты кызматкери", "Ыйык тил" төш белгисинин ээси.

Мээрим Касаболотова "Айыл өкмөтү", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Күйөө сатам", акыркы кезде "Чоочун киши", "Жалбыз", "Мурас", "Акча" телесериалдарында жана башка тасмаларга тартылган. Мындан тышкары актриса поэзия дүйнөсүнө баш багып, ыр жазып келет.

Актриса 2 баланын энеси.

23-апрелдин жылнамаасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан