Бишкектеги "Tommi Mall" соода борборундагы спорт зал жана дүкөндөр мамлекетке кайтарылды

Борбордогу "Томми Молл" соода борборундагы аянты 1257 чарчы метр болгон коммерциялык жайлар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

Соода борбордун 2-кабатындагы аянты 1257,5 чарчы метр, жалпы суммасы 33 миллион 700 миң сомду түзгөн коммерциялык жайларды мамлекеттин балансына кайтарды. Тергөөнүн жүрүшүндө 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Токомбаев көчөсүндөгү жер алдындагы гараждары бар көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн аянты 0,5 гектар болгон жер тилкеси "К" ЖАКга 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилгени аныкталган.

Кийинчерээк аталган тилкени пайдалануу укугу "Э.К." ЖЧКсына өткөн. Жер тилкесин берүү шартына ылайык, ижарага берүүчү курулган турак жайдын бир бөлүгүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө милдеттүү болгон. Бирок Бишкек шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүү боюнча комиссиянын жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз манипуляцияларынын натыйжасында соода-оюн-зоок комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкесинин функционалдык багыты өзгөртүлүп, мамлекет аз камсыз болгон жарандарга турак жай берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган, бул шаардык бюджетке зыян гана келтирбестен, жалпы эле мамлекеттик бийлик институттарына коомдук ишенимдин начарлашына алып келген.

Мындан улам козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында "Э.К." ЖЧКсы Бишкек шаарынын мэриясынын балансына "Томми Молл" соода борборунун 1257, 5 чарчы метр аянтындагы баасы 33 миллион 700 миң сомду түзгөн коммерциялык жайларды акысыз өткөрүп берген.

Белгилей кетсек, аталган 1257,5 чарчы метр аянтта дүкөндөр жана спорт залы жайгашкан, алардын ижара акысы мындан ары шаардык бюджетке түшөт. Учурда жогоруда аталган комиссиянын тиешелүү кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан