Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Борбордук Азия боюнча иш сапарынын алкагында өлкөгө расмий сапар менен келген Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен жолугушту.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Өз кезегинде Кэмерон Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.