Садыр Жапаров Франция Сенатынын делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 23-апрелде президент Садыр Жапаров “Франция-Борбордук Азия” достук тобунун башчысы Эрве Морэ жетектеген Франция Сенатынын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалым кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-француз эки тараптуу мамилелери тууралуу пикир алмашуу болду.

"Президент Садыр Жапаров парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө, анын ичинде өз ара сапарларды, парламентарийлердин жолугушууларын уюштуруу аркылуу өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноорун баса белгиледи", -деп жазылат маалыматта.

Тараптар туризмди өнүктүрүү жаатында эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги тууралуу пикир алмашты. Садыр Жапаров француз сенаторлорунун Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында Нарын, Каракол, Жыргалаң жана Ысык-Көлгө баруу ниетин кубаттады.

Аягында тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы мамилелерди кеңейтүү ишине өз салымын кошууга даяр экендиктерин тастыкташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан