Чүйдө баңгизат сатууга шектелип 4 адам кармалды 

Чүйдө баңгизат менен алектенип жүргөн төрт жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-апрелде УКМК баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш жүргүзүп, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо) менен кылмыш ишин козгогон.

Тергөөгө чейинки иликтөө иштеринин алкагында Чүй облусунун Сокулук, Ысык-Ата, Москва, Аламүдүн райондорунун жана Токмок шаарынын аймагында баңгизаттарды алып-сатып жүргөн жарандар жашаган 19 үйдө тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

"Анын натыйжасында баңги каражаттарды майда партиялар менен сатуу жана сактоо менен алектенгендер аныкталып, алардан баңгизаттар, аларды пайдаланууга керектүү каражаттар, брикеттер, психотроптук препараттар, белгиленген тартипте катталбаган ок атуучу мылтыктар жана 6 бирдик санындагы мылтык, 3 тапанча, ар кандай калибрдеги 100 даана патрон, 1 миллион сом, ошондой эле 90 миң жасалма АКШ доллары табылды", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү катары К.Б.М., И.у.З., Х.А.А., М.А. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Ал эми 15 адамга карата баңги каражаттарын сатып алуу, таратуу, ошондой эле пайдалануу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөндүгү кошумчаланды.

УКМК баңгизаттарды тараткандыгы үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан