Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын айрым кызматкерлери "МПМК-Талас" курулуш подряддык ишканасынын жетекчилери менен алдын ала сүйлөшүп алып, Талас облусунун Манас районунун ичүүчү суу түтүктөрүн реабилитациялоо боюнча аткарылган иштердин баасын кымбаттатып жиберишкен.
Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында бюджетке 5 миллион 212 миң 552 сом зыян келтирилген.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.