"Улуу тоо" ресторанында жапырт уулангандардын саны 55ке жетти

Бишкектеги "Улуу тоо" ресторанында жапырт уулангандардын саны 55ке жетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Ага ылайык, ооруканага кайрылгандардын жалпы саны 55 кишини түздү. Алардын ичинен ооруканага 10 адам жаткырылды, үчөө жаш балдар. Абалдары канааттандырарлык деп бааланууда.

Белгилей кетсек, "Улуу тоо" ресторанында жапырт уулануудан 15-апрелде 27 адам, 18-апрелде кыз узатуу тоюнда дагы 12 адам жабыркап, аталган ресторанга 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынганы маалым болгон.

Кечээ, 22-апрелде буга байланыштуу Министрлер кабинети тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өткөрүп, тамактануучу жайлардагы санитардык талаптарды көзөмөлдөө күчөтүлө тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан