Шакиев монгол кесиптешине Манас баатырдын эстелигин Улан-Батордогу көчөлөрдүн бирине ыйгарууну жана айкелин тургузууну сунуштады

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улан-Батор шаарында Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, төрагалар алгач ардактуу кароол тизилген аянтта учурашып, андан соң Чыңгыз хандын эстелигине таазим кылышты. Ошондой эле Шакиев Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.

Жолугушуу кеңири курамда уланып, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев кыргыз тилинде саламдашып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Гомбожавын Занданшатарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстан менен Монголияны Алтай цивилизациясы жана эзелтен калыптанган тарыхый байланыштар жакындатып турарын белгиледи.

"Кыргыз тарап тоо кен өнөр жайы, мал чарбачылыгы, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатындагы экономикалык кызматташтыкты күчөтүү маанилүү деп эсептейбиз. Айрыкча биз Монголияга Кыргызстанда өндүрүлгөн таза экологиялык айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдарбыз. Бул үчүн транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүүбүз кажет", - деди Шакиев.

Маданий байланыштар тууралуу да сөз кылган төрага Манас баатырдын эстелигин Улан-Батордогу көчөлөрдүн бирине ыйгарууну жана айкелин тургузууну сунуштады.

Өз кезегинде Занданшатар чакырууну кабыл алып келгендиги үчүн Шакиевге ыраазычылык билдирип, кыргыз-монгол мамилелерине байланышкан маселелерге токтолду.

Анын ичинен билим берүү тармагы боюнча кызматташтыкты кеңейтүү башкы максат экенин айткан Монголия тарап аталган өлкөдө Чыңгыз Айтматов атындагы мектепти ачуу пландалып жатканын маалымдап, көчөгө ысымын ыйгаруу демилгеси да караларын билдирди.

Ошону менен бирге Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын импорттоо тууралуу демилгени колдой тургандыгын билдирген Гомбожавын Занданшатар бул жаатта да жигердүү иш алып баруу керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен да жолугушат.

Муну менен катар "Кыргыздардын Чыңгызхан жана анын урпактары менен тарыхый байланыштары", ошондой эле "Глобалдык лидерлер: тынчтыкты жана адилеттикти куруу" аталашындагы эл аралык конференцияларга катышып, сөз сүйлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан