"KG Group' тун" жетекчиси Имамидин Ташов бир айга камалды

"KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов 22-майга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту бүгүн, 23-апрелде чыгарды.

Ташовдун кечээ Чүй облусунун Кайыңды айылында кармалганы маалымдалган.

"Ал бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап, Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек араларын мыйзамсыз кесип өткөн", - деп билдирген атайын кызмат.

Буга чейин, тагыраагы, 10-январда УКМК "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго издөө жарыялаган болчу.

Эске салсак, былтыр 27-октябрда Имамидин Ташовдун кармалганын УКМК кабарлаган.

Ал муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Мындан сырткары Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканы айтылган.

8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

2024-жылы 9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ишкер былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери эркине каршы уурдап кетип, 8 күн белгисиз жайда кармап отурганын айткан. Ташиев муну четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан