Быйыл Орусияда көчөлөрдө "Өчпөс полк" жүрүшү уюштурулбайт. Бул тууралуу кыймылдын теңтөрайымы Елена Цунаеванын билдирүүсүнө таянып орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, коомдук коопсуздукка болгон коркунучтардан улам "Өчпөс полк" жүрүшүн уюштурбоо чечими чыккан.
"Өлбөс полк" акциясы Орусияда 2012-жылдан тартып өтүп келет. Ал эми коронавирус пандемиясына байланыштуу бул иш-чара 2020-2021-жылдары онлайн форматта уюштурулган.