Бишкек шаарында электр энергиясына карызы бар 5100дөн ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасынан маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, карызы бар абоненттердин электр жарыгы эртең, 25-апрелден баштап өчүрүлө баштайт.
Мекеме ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарды электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.