Бишкекте аялын сабаган жаран бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Б.Л. аттуу жаран жолдошу К.Тга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анын айтымында, 21-апрелде Кара-Жыгач конушундагы үйүнүн короосунда денесине залал келтирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1996-жылы туулган К.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.