Жалал-Абадда 73 турак үйдү сел каптады (сүрөт)

Сузак районунун бир нече айылдарын сел каптады. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, 24-апрель саат 00:20 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан кийин Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак, Кызыл-Сеңир, Бостон айылдарынан болжол менен 73 турак үйдүн жана 3 социалдык объектинин, 1 ички чарбалык көпүрө, короосун суу каптап, 50 гектар айдоо жерлерди суу алган.

Ага ылайык, жерине райондук Жарандык коргоо кызматтары ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ, 15 куткаруучу тартылып, жеринде тишелүү жумуштар жүрүүдө.

"Мындан сырткары облустун Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука, Таш-Көмүр шаарларында ички чарбалык жолдорду турак жайлардын короолорун сел суулар каптаган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан