Чолпон-Атада 2 жаран көлгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 21-апрелде болгон. Ошол күнү ӨКМге Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Голубой Иссык-Куль" санаториясында 2 эркек киши (болжолдуу Индиянын жарандары) көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине барган 5 куткаруучу 1 эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми 1 эркек кишинин жансыз дененсин жергиликтүү тургундар чыгарышкан.