Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө эртең, 25-апрелде таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул боюнча муниципалитеттен кабарлашты.
Мындай чара Баш-Кара-Суу суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу кабыл алынган.
Саат 9:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү даректерде суу берилбейт: Сарбан айылы, Жал, Жогорку Орок айылы, Сары-Өзөн айылы, Кашка-Баш айылы, 105-контурдун батыш бөлүгү , ТЭЦ-2, жаңы селекция райондору, Достук айылы, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы), Ак-Ордо кичи району, Сокулук району (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушу (Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабы).
«Бишкексууканал» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.