Өлкөдө 1-майдан тартып электр энергиясына болгон тарифтер жогорулайт

Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясына болгон тарифтер жогорулайт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров (23.04.24. №190) кол койду.

Маалымдалгандай, электр энергиясына тарифтердин өзгөрүшү энергетикалык компаниялардын өнүгүшүнө, эскирген электр жабдууларды алмаштырууга, энергетикалык объекттерди модернизациялоого, реконструкциялоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.

1-майдан тарта электр энергиясынын тарифтери төмөндөгүдөй болуп жогорулайт:

- бир киловатт-саат үчүн — 1,11 сом, эгер 700 киловат-сааттан ашкан учурда — 2,39 сом;

- аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн — 55 тыйын;

- бюджеттик керектөөчүлөр үчүн — 3,76 сом;

- чексиз — 3,63 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан