Садыр Жапаров Курманкул Зулушев менен Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады 

Президент Садыр Жапаров Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, президенттин администрациясынын комиссиясы прокуратуранын айрым кызматкерлери тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишине кийлигишүү фактыларын карап чыгып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык катында белгиленгендей, жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн фактылар тастыкталганын билдирген.

"Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге өздөрүнүн кол алдындагыларды башкарууда туура эмес көзөмөлгө алгандыгы үчүн сөгүш жарыялады. Мындан тышкары башкы прокурордун орун басары Адил уулу Кубанды ээлеген кызматынан бошотуу. Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси М.Э. Майтпасовго жана Кыргыз прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын экология жаатындагы ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси А.М. Аликуловго сөгүш жарыялоо жана ротациялоо жөнүндө сунуш киргизүү тапшырылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Маалымат үчүн: Комиссиянын курамына президенттин администрациясынын төмөндөгү кызматкерлери кирди: Мурат Укушов – Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги; Азамат Осмонов – Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги; Нурлан Сулайманкулов – Соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; Азамат Апсатаров – президенттин жардамчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан