Акыйкатчы сабалган өспүрүмдүн иши боюнча тергөөдөн кылмышты оордотуучу жагдайларга көңүл бурууну талап кылды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоого чараларды көрүүгө чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчы Бишкек шаарындагы мектептердин биринде 1-класстын окуучусу сабалган окуя - баланын укугун одоно бузуу экенин баса белгиледи.

Ал эми сабалган жети жашар баланын апасы Акыйкатчы институтуна кайрылып, баласынын укугун коргоп берүүнү өтүндү.

Бул адамдын коомчулуктун арасында жүрүшү кооптуу деп эсептейм. Ал эртең башка баланы урбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Чоң адамдар өз иш-аракеттери үчүн жооп берүүсү керек. Менин уулумду сабаганга анын укугу жок. Балага карата суроолор болсо, аны түшүндүрүүнүн көптөгөн жолдору бар. Балам анын баласы менен эч качан чырдашкан эмес. Биз мектеп менен тыгыз байланышта болуп турабыз. Уулум сабалгандан кийин көп нерседен коркуп калды. Денесинин ар кайсы жеринде көк ала тактар бар жана учурдагы баламдын абалы мени кооптондурат. Күнөөкөр адам мыйзам чегинде жазалансын”, - деди нааразы болгон баланын апасы.

Ага ылайык, Акыйкатчы институту тийиштүү мамлекеттик органдарга баланын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу талабы менен расмий суроо-талап жөнөттү.

Ошондой эле эне менен балага акысыз жактоочу жана психолог берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ыкчам чаралар көрүлдү.

"Акыйкатчы тергөө органдарын айыпталуучунун аракеттерин квалификациялоодо жана кылмыш ишин сотко жөнөтүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесинин нормаларын унутпоого чакырат, ага ылайык, балага карата жасалган кылмыш ишти оордотуучу жагдай болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан