Садыр Жапаров Бакуга жетти. Өлкө башчыны кандай тосуп алышты? (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барды. Өлкө башчыны Бакудагы аэропорттон Азербайжандын премьер-министринин орун басары Шахин Мустафаев тосуп алды.

Президенттин администрациясы билдиргендей, 24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулайт.

Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча Президенттердин биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Мамлекет башчылары ошондой эле Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан