Панфилов районунда унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-апрелде милицияга жабырлануучу арыз менен кайрылган. Ал ошо эле күнү саат 11:00 чамасында Күрпүлдөк айылындагы машина-трактордук станциясынын жанына токтотуп койгон Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жаран айдап кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (автотранспорт каражатын уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1998-жылы туулган Э.Ш. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.