Медициналык университеттин окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Эл аралык медициналык университеттин окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган университеттин студенти 2023-жылдын ноябрь айынан бери андан мугалим акча талап кылып, окуусуна кысым көрсөтүп жатканын айтып, милицияга арыз менен кайрылган.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

"ИИМдин кызматкерлери тарабынан университеттин имаратында окутуучу 81 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Шектүү катары кармалган 35 жаштагы И.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Университеттин окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан